Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин коменданты: Дарыгерлерди ташыган ыктыярчылар медициналык мекемелерден тастыктоочу документ алууга тийиш

 Айдоочуларга дарыгерлерди коменданттык саат башталгычакты жеткирүү сунушталды

Дарыгерлерди  жумуштарына акысыз ташып, кайра үйлөрүнө жеткирген ыктыярчылар медициналык мекемелерден справка же кандайдыр бир башка тастыктоочу документ алууга тийиш. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин коменданты, ИИМнин башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал ыктыярчыларды дарыгерлерди коменданттык саат башталгыча ташууга чакырып, түнкү маалда врачтардан алынган справка керек экенин белгиледи.

- Медициналык мекеме тарабынан берилген документте айдоочунун аты-жөнү жана унаанын номуру көрсөтүлүшү керек, - деп тактады Орозалиев. - Ошондой эле дарыгерлердин өздөрү да алар ошол жерде чын эле иштей турганын ырастаган күбөлүк же бейджик алууга тийиш.

Мындан сырткары, комендант муктаж адамдарга азык-түлүк жеткирген ыктыярчылар Токтогул көчөсү 80 дареги боюнча жайгашкан комендатурага кайрылышы керектигин маалымдады.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх