Ош шаарынын ИИБсы: Шишкебек алып келип берүү милиция кызматкерлеринин милдетине кирбейт
Тартип коргоочулар «шашлык жейм» деп ызуу-чуу салган аялдын видеосу тууралуу үн катышты
Обсервациядагы коомдук тартипти камсыз кылган милиция кызматкерлеринин милдеттерине тамак-аш алып келүү кирбейт. Карантиндеги аял милиция кызматкерине шишкебек алып келип бергиле деп талап кылып жаткан видео боюнча Ош шаарынын ИИБ ушундай жообун берди.
- Милиция кызматкерлери обсервациядагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, карантиндин эрежелиринин сакталышына көзөмөл кылышат, - деп баса белгилешти Ош ШИИБ.
Эске салсак, видео бүгүн социалдык тармактарда жүктөлгөн.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз