Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жумушка жеткирип койгулачы! Медиктер жарандардан жардам сурашат

Колуна сары лента тагып,  жол тосуп турган адам убагында жетишсе кимдир-бирөөнүн өмүрүн сактап калышы мүмкүн

Бишкекте өзгөчө абал кирип, коомдук транспорт толугу менен токтогондон кийин көптөгөн жарандар жумушка кантип жетээрин билбей калышты. Карантин го мейли, бирок, анын мисалы дарыгерлерге тиешеси жок да. Тескерисинче - коронавирус эпидемиясы аларга болуп көргөндөй жоопкерчиликти илди.

Бирок, көптөгөн дарыгерлерде жеке транспорт жок, жол тосуп жетүүгө күндө эле ишенүүгө болбойт. Эмне кылуу керек?

Иш ордунда убагында болуу үчүн медиктер атайын флешмоб уюштурушту.

Тез жардам станциясынын кайра жандандыруу сырткы бригадасынын врачы Анна Шаповалова Vesti.kg сайтына мындай идеяны социалдык тармактагы тайпалардын биринде сунушташканын, кесиптеши Виктория Бочкарева экөө аны ишке ашырууну чечишкенин айтып берди.

- Ийинге сары тасма илип жүрүүнү сунушташты, муну менен айдоочу жол тоскон адам коомдук транспорттун жоктугунан жумушуна же үйүнө жете албай медик экенин түшүнөт, - деди ал. – Медициналык мекемелердин жетекчилиги тигил же бул адам чындыгында эле саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкери экенин тастыктаган маалымкат берет.

Андыктан сары тасмалар жөнүндө тааныштарыңарга айткыла, жол тосуп турган дарыгерди көрүп калсаңар - жеткизип койгула, сураныч! Ал кимдир-бирөөнүн өмүрүн сактап калышы мүмкүн.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх