Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Медициналык бет кап коронавирустан сактай албайбы? КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жооп

 Адис бет кап көбүнчө колубузду бетибизге тийгизгенден сактай турганын түшүндүрдү

Дүйнөдө коронавирустун тарап жатканы белгилүү болгондон бери адамдардын арасында кооптуу илдеттен сактануу үчүн бет кап тагуу керекпи жана ал канчалык натыйжалуу экени жөнүндө талаш-тартыштар да токтой элек

Кыргызстандыктарда медициналык бет каптарды кимдер жана кандай учурларда тагынышы керектигин билбегендер көп.

Vesti.kg бул маселени тактоо максатында КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Инфекциондук көзөмөл боюнча мамлекеттик илимий-тажрыйбалык борборунун адиси Алексей Кравцовго кайрылды.

- Эгерде биз бет капты коронавирус менен ооруп жаткан бейтапка кирип бараткан маалда коргоочу каражат катары кийсек, анда бет кап андан сактай албайт, - деди ал. - Ал эми, эгерде биз бет капты адамдар көп топтолгон жайда алдын алуу каражат катары колдонсок, мындай учурда ооба - бет кап бизди коронавирустук инфекциядан сактайт деп ойлойбуз.

Кравцов медициналык бет кап кандайча адамды коронавирустан сактанууга жардам берерин айтып берди.

- Инфекцияны жугузуунун бир жолу - байланыш жолу. Башкача айтканда, биз инфекция бар кандайдыр-бир нерсени кармап, андан кийин өзүбүз байкабай колубуз менен мурун, ооз, көзүбүбүздү кармасак, илдетти жугузуп алышыбыз мүмкүн. Бул жерде бет кап инфекциянын эшигин, башкача айтканда былжыр челди тынымсыз кармоодон сактайт. Анткени, адам орто эсеп менен күнүнө 300-400 жолу ооз-мурун, көзүн кармалайт.

Анын айтымында коронавирустук инфекция менен жабыркаган бейтаптарга кирген медициналык кызматкер өлчөмү 5 микрондон азр бөлүкчөлөрдүн 95 пайызын кармап калган респиратор тагынышы керектигин кошумчалады.

Бир колдонулуучу медициналык бет капты кантип туура колдонуу керектигин эсиңиздерге сала кетсек:

1. Колду самындап жууп же спирт кошулган каражат менен сүртүңүз. Бет кап сиздин ооз-мурун, эгиңизди жылчыксыз жабышы керек.

2. Бет капты кийип жүргөн учурда аны кармабаңыз, колдон келсе колдоруңуз менен тууралап такпаңыз. Колдонулган бет капты кармагандан кийин колуңузду самындап жууңуз.

3. Бет капты ар бир 4 саат сайын же андан да тез алмаштырып туруңуз, антпесе ал өзү инфекцияны жугузуучу очокко айланат.

4.Бет кап ным же кир болуп калса, таза жана кургак жаңы бет капка алмаштырыңыз.
5. Бир жолку колдонулуучу бет капты кайрадан колдонбоңуз. Колдонулган бет капты чечкенден кийин аны дароо таштандыга ыргытуу кере.

6. Бет капты тагынып жүргөн маалда аны колдоруңуз менен кармабаңыз, бетиңизге тийбеңиз.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх