Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы беш адамдан коронавирус аныкталды

Экөө чет өлкөдөн келсе, үч адам ооругандар менен байланышта болгон

Кыргызстанда дагы беш адамдан СOVID-19 вирусу табылды. Бул тууралуу онлапн-брифингде ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Ооруну жаңы жугузган бейтаптардын экөө Ош облусунан (Ноокат району), бирөө Оштон, экөө Баткен облусунан (Кызыл-Кия шаары).

Алардын ичинен эки адам чет өлкөдөн келсе, үчөө илдетти мурда жугузгандар менен байланышта болгон.

Беш адам кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө, эки бейтап өтө оор абалда, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган..


Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх