Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда эки адам коронавирустан айыкты

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин беш киши ооруну жеңип чыгышты

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун эки тургуну COVID-19 вирусунан айыгып чыгышты. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча мамлекеттик штаб билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бир аял менен бир эркек бүгүн ооруканадан чыгышкан.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда беш киши ооруну жеңип айыга алышты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх