Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин карантиндик аймагы дезинфекциялоо үчүн кеңейет

Аймак жарандар менен автомото транспорт үчүн жабылат

Бишкектин борбордук бөлүгүнүн карантиндик аймагына шаардык түштүк тарабы да кошулуп, дезинфекция иштери уланат. Бул тууралуу борбор калаанын комендатурасынан маалымдашты. Мындай чектөө аталган аймакты дезинфекциялоо үчүн киргизилгени айтылды.

Жаңы кошулган аймактарга төмөнкү көчөлөр кирди:
- Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
-Сүйөркулов — Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;
-Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;
-Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;
-Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;
-Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;
-Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы

Бул аймак жарандар менен автомото транспорт үчүн жабылат. Буга чейин тосулган аймак дезинфекция иштерин улантуу максатында дагы деле жабык бойдон калат.
КРнын ӨКМ өткөн сутка ичинде өлкө боюнча 8 млн 332 миң 278, 2 квадраттык метр аймак дезинфекцияланып, ӨКМнин санитардык-карантиндик жана блокпостторун уюштурууга 106 палатка жана 56 көчмө үйлөр орнотулганын билдирди.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх