Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек комендатурасы: Өзгөчө абал киргенден бери бир дагы ЖМКга аккредитация берилген жок

«Журналисттер үчүн Ыкчам штабдын базасында онлайн-платформа түзүлгөн»

Бишкекте өзгөчө абал киргизилген убакыттан бери журналисттердин эч кимисине аккредитация берилген жок. Бул тууралуу борбор калаанын комендатурасынын басмак сөз кызматынан кабарлашты.

«Башкы себеп - жарандардын саламаттыгынын коопсуздугу», -деп такташты алар.
Комендатура депутат Жанар Акаевдин «мамлекеттик ЖМКларга гана аккредитация берилди» деген билдирүүсү боюнча ушундай жооп берди. Кечээ парламенттин жыйынында депутат эң көп окулган 20 басылмага пропуск берүү керектигин айтып чыккан.

«Бишкек комендатурасы ЖМКлар менен интернет басылмалар үчүн Ыкчам штабдын басма сөз борборунун базасында онлайн-платформа түзүлгөнүн билдирет», - деп билдирди борбор калаанын комендатурасы .

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх