Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бек Борбиев: Жардам көрсөтүп жаткан белгилүү инсандарды айыптаган кыргызстандыктар, адамдык сапаттан кетпей, сабырдуу карманалы!

Белгилүү ырчы бул жашоодо эч ким эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес экенин белгилеген

Бул жашоодо эч ким эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес. Атактуу ырчы Бек Борбиев белгилүү инсандардын көрсөткөн кайрымдуулуктары боюнча түрдүү пикирлерди билдирип жаткан кыргызстандыктарга ушундай жооп кайтарды.

Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында ал жарандарды адамдык сапаттарды сактоого чакырган.

«Бул жашоодо эч ким-эч кимге жардам берүүгө милдеттуу эмес! Ачуу чындык, дуйнөнүн жазылбаган мыйзамы ушундай. Керек болсо мамлекет дагы белгилүү маселелерде гана жардам көрсөтө алат, менеджер катары, баарыбызга акчасы да жетпейт
Бул илдет куүчтүү өлкөлөрдүн дагы айласын кетирип турат, биздин эле эмес. Ушул убакта элге өз чөнтөгүнөн акча чыгаргандарга алкоо сөз айтып , рахмат деп тургандын ордуна, бул уурдаган акчасын кайра бизге берди, а эмнеге тигил бай бербейт, берсин деп чанжыраганыбыз туура эмес. Адам жараткандын жана энесинин алдында гана милдетттүү, эгер ал башка дагы бирөөгө жардам берип жатса демек ал анын ыйманынан, чын жүрөгүнөн деп билелик
Бут дүйнө элинин башына түшкөнүн биз да көрөбүз, башка арга жок, адамдык сапаттан кетпей, сабырдуу карманалы!», деп жазган ырчы.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх