Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эки ун чыгаруучу заводдун иши токтоду

Жумушчулар шаарга келүү үчүн уруксат кагаздарын ала албай жатышат

Бишкекте эки ун чыгаруучу завод өз ишин токтоттуу. Бул тууралуу «Акун» ири компаниясынын расмий сайтында жарыяланды.

«Бүгүн, 2-апрелде «Акун» ири компаниясы «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» эки заводунда ун өндүрүүнү токтотууга аргасыз экенин маалымдайт», - деп белгиленген сайтта. - Тегирменде ун тарттырууга жана кампаларга унду жүктөөгө жооп берген кызматкерлерди жолдордо орнотулган блокпосттордон кезектеги жолу өткөрбөй коюшкан.
Бардык документтер бир жума мурда тапшырылганына карабастан уруксат кагаздары дагы деле бериле элек, ал эми биз берген документтерди жоготуп жиберишкен».

Ун өндүрүүчүлөр бардык кампалар улпакка толуп калганын, буга байланыштуу унду түшүрүүгө жер жок экенин, мындан улам унду өндүрүү мүмкүн болбой калганын билдиришкен.

«Улпак - бул биринчи кезекте малдын тоюту, эгерде өкмөт тез арада бул маселени чечпесе фермерлер чоң көйгөйлөргө туш болуп, эттин баасы да кымбаттайт, - дешет ишканада. Эмнеге мындай болуп жатат? Улпакты сатып алуу үчүн келе жаткан кардарлар блокпосттордон өтө албай жатышат. Мындан улам кампалардагы улпак азайбай, биз унду өндүрүп, сактачу жер жок болуп калды.

Биз өкмөттөн ун заводдорунда иштеген жумушчуларга, ошондой эле улпак сатып алган фермерлерге уруксат кагаздарын берүүнү жеке көзөмөлгө алууну суранабыз».

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх