Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пакистанга барган үч кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

КР жарандары Абботтабад шаарына дааватка барышкан

Пакистанга барган үч кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМне шилтеме кылып, COVID-19 вирусу менен күрөшүү боюнча мамлекеттик штаб билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, КРнын 1950, 1952 жана 1959-жылы туулган үч жараны башка дагы алты кыргызстандык жана бир РФнын жараны менен кошо Абботабад шаарына, Хайбер Пахтунхва провинциясына дааватка барышкан.

Учурда коронавирус жуктургандардын бири ооруканада. Анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар, анда да COVID-19 вирусу табылган.

Үчүнчү жаран карантиндик аймакта. Дарыгерлер аны көзөмөлдөп, абалын туруктуу деп баалашууда.

Бул кыргызстандыктар КРнын Исламабаддагы элчилигинин консулдук каттоосунда жок жана мекемеге жардам сурап кайрылышкан эмес.

Маалым болгондой, элчилик медициналык мекеме жана Пакистандын укук коргоо органдары менен тынымсыз байланышты кармоодо.

Манас Кольбаев
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх