Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык ырчылар мекендештеринин духун көтөрүүгө ыр жаздырышты (видео)

Артисттер мекендештерин чыдамдуулукка чакырып, сыноолор жакында аяктары жөнүндө ырдашты

Ата мекендик эстрада жылдыздары оор кырдаалда кыргызстандыктардын маанайын көтөрүү максатында «Мекеним» коомдук фонду менен биргеликте ыр жаздырышты.

Долбоорго Актан Исабаев, Жамиля Муратова, Курал Чокоев, Сайкал Садыбакасова, Нурлан Насип, Алтынай Нарбаева, Шухрат Якубов, Гулнур Асанова жана Александр Волкодав катышканы белгилүү.

Ырда аткаруучулар мекендештерин чыдамдуулукка чакырып, элдин башына түшкөн бул сыноолор жакында аяктары жөнүндө ырдашкан.

Клипте көчөлөрдү дезинфекциялоо учурунда тартылган кадрлар менен чет өлкөлөрдүн ооруканалары жөнүндө тасмалар колдонулган.

Ырдын сөздөрү Акбар Кубанычбековго, ал эми обону Эдил Маматовго таандык экени белгилүү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх