Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал убагында тартип бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт

Коменданттык саат убагында көчөдө жүргөндөр 3 миң сом өлчөмүндөгү айып пулга жыгылат

Мамлекеттик ыкчам штабдын жыйынында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминде жасалган укук бузуулар үчүн каралган жоопкерчиликти күчөтүү чечими кабыл алынды.

Эми өзгөчө абал же аскердик абал учурунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап бузуп жана бул массалык ооруга чалдыгуу, адамдардын уулануусу коркучунучуна алып келсе, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесине ылайык II категорияда эркинен ажыратуу (2, 5 жылдан 5 жылга чейин) каралат.

Өзгөчө абал режиминин тартибин бузгандарга, мисалы үйдөн жүйөлүү себепсиз чыгуу үчүн 20 миңден 30 миңге чейинки айып пул же 3 айдан 6 айга чейин эркинен ажыратуу же болбосо 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу каралган - Тартип бузуулар кодексинин 1191-беренесинин 1-бөлүгү.
Ушул эле берененин 2-бөлүгүндө Өзгөчө абал жана аскердик абалдын талаптарын бузуу боюнча жоопкерчилик каралган: 30 миңден 60 миң сомго чейинки айып пул же 6 айдан 1 жылга чейиин эркинен ажыратуу же болбосо 40 сааттан 60 саатка чейин коомдук иштерге тартуу.

Ошондой эле Тартип бузуулар жөнүндө кодексине 1271-берене кошулуп, анда Өзгөчө абал маалында карантиндин талаптарын бузуу боюнча жоопкерчилик каралды. Мында өзгөчө же аскердик абал шартында жасалган ошол эле тартип бузуулар үчүн 30 миңден 60 миң сомго чейинки айып пул салынат.

Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал же аскердик абал маалында такталбаган маалымат таратып, коомдук тартипти жана элдин тынчтыгын бузган жеке жактарга 5, 5 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Тартип бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 491-берене кошулуп, анда өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал же аскердик абал убагында дары-дармектерди кымбаттатып жиберген жеке жактар 10 миң сом жана юридикалык жактар 28 миң сом айып пул төлөйт.

Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал же аскердик абал маалында баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген азык-түлүктөрдүн наркын негизсиз көтөрүп жиберген жеке жактарга 10 миң сом жана юридикалык жактарга 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Өзгөчө абал же аскердик абал убагындагы коменданттык саатта көчөгө же башка коомдук жайларга атайын өткөрмө кагаздары же өздүгүн аныктоочу документтери жок чыккандарга мурдагыдай эле 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх