Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министри: Коронавирус жуктурган бейтаптын эмнеден каза болгону экспертизадан кийин айтылат

Сабиржан Абдикаримов маркум башка оорулардан да жабыркап келгенин белгиледи

Коронавирус инфекциясы жаңы катталган 14 учурдун алтоо Бишкекте катталды. Бул тууралуу басма сөз жыйында КРнын саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

- Калган бешөө Жалал-Абад облусунда, экөө Жалал-Абад шаарында жана бирөө Чүй облусунда катталды, - деп маалымдады ал.

Ошондой эле министри коронавирус жуктурган бейтаптын эмнеден каза болгону маркумдун денесине экспертиза жасалгандан кийин аныкталарын билдирди.

- Ал кичи ажылыктан келген, - деди министр. - Коронавирус бар экени аныкталган, бирок, анда кант диабети сыяктуу башка дагы оорулары болгон.

Жалпы жонунан бүгүнкү күнгө карата 130 адамдан коронавирус аныкталган, төртөө кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө.

- Жалал-Абад облусунда - 61
- Ош облусунда – 30
- Бишкек – 14
- Ош – 10
- Чүй облусунда – 6
- Баткен облусунда – 3
- Нарын облусунда– 4
- Ысык-Көл облусунда – 2

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх