Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө абал маалында майыптыктын мөөнөтүн кантип узартууга болот?

Эмгек жана социалдык министрлиги бул шартты өзгөчө абалдан кийин аткарууга мүмкүн кылды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертиза тутумунда кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүн өзгөчө абал аяктагыча узартуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыкты.

«Коронавирустун таркап кетүү коркунучуна байланыштуу, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жана айрым шаарларда жана райондордо чектөө өзгөчө абал киргизилген шартта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар көптөгөн үй-бүлөлөрдө майыптык мөөнөтүн узартуу жөнүндө суроолор жаралууда», - деп белгилешти мекеменин басма сөз кызматында.

Андыктан, республикада өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын убакытын эсепке алып МСЭКтин маалымкатында МСЭКтер (райондор аралык, шаардык), башкача айтканда өтүп кеткен мөөнөттүн кошуп эсептөө жүргүзүшөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх