Эртең Бишкекте жылуулук бери өчүрүлөт
Бүгүн Бишкектин мэри Азиз Суракматов тийиштүү токтомго кол коет
Бишкектин көп кабаттуу турак жайлары менен жер тамдарында жылуулук бери эртең, 3-апрелде өчүрүлөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жылуулукту өчүрүү чечими күзгү-жазгы мезгилде даярдык көрүү боюнча штабдын чечиминде кабыл алынды. Муниципалитеттин башчысы Азиз Суракматов бүгүн тийиштүү токтомго кол коет.
Эске салсак, 19-мартта Бишкекте жылуулук берүү сезону аяктаган. Бирок, 24-мартта күн сууктаганына байланыштуу кайра бериле баштаган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз