Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

270ке жетти. Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 42 учур катталды

 Алардын арасында кайрадан медициналык кызматкер бар

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 42 жаңы учур расмий түрдө катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

- Илдетти жуктургандардын арасында Бишкектен бир медициналык кызматкер бар. Жалпысынан COVID-19 вирусун 13 дарыгер жугузуп алды, - деп тактады ал. Оорулуулардын арасында сырттан келгендер, Москва жана Пакистан келгендер бар. Башка учурлар коронавирусту мурда жугузгандар менен байланышта болгондор. Нарында бир бейтап Ош облусуна дааватка баргандан кийин ооруп калган.

8-апрелде коронавирус жуктургандар кайсы аймактарда катталды:

Бишкек – 10
Чүй облусу – 2
Ош облусу – 24
Жалал-Абад облусу – 1
Нарын облусу – 5.

Жалпы ооругандардын саны 270ке жетти, 25 айыгып чыгып, төрт адам каза тапты. Обсервацияда учурда 1047 адам жатат. 13 дарыгерден COVID-19 табылды.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх