Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жубайым карантинде колго нан жасай баштады. Дал ошол убакта менде көптөгөн адамдарда ушундай да мүмкүнчүлүк жок деген ой пайда болду»

Ишкер Лейлек районундагы 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берди

Кыйынчылык күндөрү четте калбай, элине жардам берүү - ар бир жарандын жана адамдын милдети болуп саналат. Дал ушундай жоопкерчиликти сезген бизнесмен Исманали Жороев Лейлек районундагы өзүнүн кичи мекенинин тургундарына жардам берүүнү чечкен.

Ишкер жалпы карантинден улам өтө оор кырдаалга туш келген ал жактагы 400 үй-бүлөгө өз учурунда гуманитардык жардам жеткирип берди.

«Күнүмдүк иштеп тапканы менен үй-бүлөсүн багып келе жаткан көптөгөн жарандарыбыз эмгек акысыз калды, - дейт Жороев. - Жубайым карантинде үйдө отуруп калгандыгына байланыштуу колго нан жасай баштады. Дал ошол убакта көптөгөн адамдарда ушундай да мүмкүнчүлүк жок деген ой пайда болду. Ошентип, үй-бүлөбүз менен ийри отуруп, түз кеӊешип, муктаж бүлөлөргө жардам берүүнү чечтик. Лейлек районунун акими Бекмурат Баймуратов менен тез арада байланышып, ал өтө кыска мөөнөттүн ичинде райондогу муктаж адамдардын тизмесин түзүп берди. Бул үчүн ага ыраазычылыгымды билдирем.Биз 400 кап ун, 400 кап макарон сатып алып, Лейлек районуна жеткирдик. Ар бир жардам ар бир дарекке өз колдоруна тапшырылды».

Исманали Жороев КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Максутовго, КР Өкмөтүнүн Жала-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовго, КР Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевге, Бишкек шаарынын мэриясынын Аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана Арстанбек Саргалдаев досума бул гуманитардык жардамды Баткен облусунун Лейлек районуна жеткирүүдө жашыл коридор уюштурууга көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Ишкер мындан сырткары өзүнүн бир туугандарына менен досторуна да көрсөткөн колдоолору үчүн рахматын айткан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх