Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абаддын ооруканасында иштеген бардык дарыгерлер коронавирус жугузуп алышты

Саламаттыкты сактоо министринин айтымында оорукана жабылып, андагы бейтаптар Ошко которулат

Жалал-Абаддын облустук жугуштуу оорулар ооруканасынын бардык дарыгерлери коронавирус жуктуруп алышты. Бул тууралуу бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымдады. 

- Оорукананын бардык кызматкерлери коронавирус жуктуруп алышканы тастыкталды, - деди ал. - Медициналык мекеме дезинфекцияга жабылат, бардык бейтаптар Ошко которулат

Муну менен бирге ал бүгүн COVID-19 вирусунан айыккан 10 бейтап ооруканалардан чыгарыларын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 42 дарыгер коронавирус жугузуп алганын билдирген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх