Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маршрутка айдоочулары карантинден кийин лицензия даярдоо үчүн үч ай берүүнү өкмөттөн суранууда

Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциясынын төрагасы кабмин бул өтүнүчтө четке кага турган болсо борбор калаада коллапс болорун айтууда

Бишкектин кичи автобус айдоочулары лицензияларын узартып берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциясынын төрагасы Алтынбек Доспаев билдирди.

Анын айтымында Кыргызстандын өкмөтү алардын абалына түшүнүү менен карашы керек, анткени айдоочулар карантин аяктагандан кийин дароо лицензияларын төлөй алышпайт. Лицензиялардын мөөнөтү 15-апрелде аягына чыгат.

- Өлкө боюнча карантинден кийин 19 миң кичи автобус айдоочулары лицензиясыз жумушка чыгат, - деп тактады Доспаев. - Лицензия алуу үчүн медсправка, камсыздандыруу полисин көрсөтүп, техкароо үчүн төлөш керек. Өкмөт токтом чыгарып, лицензиялардын мөөнөтүн узартууга тийиш. Биш иштебей отурсак, кантип беш миңге жакын акчаны төлөй алабыз?

Доспаевдин айтымында маршрутка айдоочулары карантин маалында иштебегендиктен лицензиянын жоктугу үчүн белгиленген айып пулдарды төлөй алышпайт. Мындан сырткары, ал кыргызстандыктар коомдук транспорттун жетишсиздигине туш болуп, Бишкекте коллапс башталышы мүмкүн экенин белгиледи.

- Лицензия берүүдө ар бир маршрутканын абалы текшерилет, - деп эске салды ал. Коллапс болушу мүмкүн. - Төлөй алуу үчүн биз алгач иштеп акча табышыбыз керек.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх