Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 18ге көбөйдү. 87 жаштагы жаран каза тапты

Өлкө боюнча ооругандардын саны 298ге жетти. Аларга 5 дарыгер кошулду

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 18ге көбөйдү. Бул тууралуу басма сөз жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымдады.

- Алардын ичинен Бишкекте 6 жаран, Жалал-Абад облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 1, - деди ал. Жалпы ооругандардын саны 298ге жетти. Тилекке каршы, өткөн сутка ичинде бир өлүм катталды. Бейтап 87 жашта болчу. Учурдан пайдаланып, жакындарына көңүл айтам. Коронавирустан каза тапкандардын саны 5ке жетти. Ооруканалардан 9 жаран чыгарылды. Илдетти жуктурган дарыгерлердин саны - 39, алардын ичинен беши жаңы катталды. Учурда ооруканаларда 254 адам дарыланууда, 8 бейтап - оор абалды.

Медина Купсулдаева

Фото www

 Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх