Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулуктук дарыгерлерди жык толгон маршруткалар менен Бишкекке ташып жатышабы? (фото)

Интернет колдонуучулар коронавирус мындай шартта тез жайыларын белгилеп жатышат

Социалдык тармактарда дарыгерлер жык толгон кичи автобуска отуруп жатышканы тартылган сүрөт талкууга түштү. Унаа дарыгерлерди ташууга арналганы белгиленген.

Кыргызстандыктар «дарыгерлерде мындай шарттарда коронавирус жуктуруу тобокели чоң» деп, нааразы болушууда.

Жарыяланган сүрөттөн унаа Santo фармкомпаниясына таандык экенин көрүүгө болот, ишкана буга чейин «жакшылык акциясын» баштаган эле.

Автор сүрөт мурдагы күнү тартылганын белгилеген. Бүгүнкү күнгө карата кошумча унаалар бөлүнгөнү да айтылды.

«Сүрөттө Сокулукта жашап, 4-шаардык ооруканада иштеген дарыгерлер экен. Унаага колдорунда атайын белгилери бар бардык дарыгерлер түшүп жүргөнү белгилүү болду. Маселе чечилип, кошумча маршруткалар бөлүнгөнү маалымдалды», - деп жазган автор.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх