Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин коменданты: Эгерде биз каалоочулардын бардыгына өткөрмө кагаз бере турган болсок, шаарда башаламандык башталат

Алмаз Орозалиев ошондой эле өз жанын кыйган жашы жете электердин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, шаардыктарды балдарды урушпай сабырдуу болууга чакырды

ИИМнин башчысынын орун басары, Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев онлайн-брифингдин жүрүшүндө эмне үчүн комендатура бардык каалоочуларга өткөрмө кагаздарды бере албасын түшүндүрүп берди.

- Эмнеге биз тиги же бул жарандарга өткөрмө кагаздарды бербей жатканыбыз тууралуу суроолор күн сайын түшүп жатат, - деди ал. - Биз муктаждыгы жокторго пропуск бербейбиз: бизге мамлекеттик эмес ишканалар жана жеке максаттарында өткөрмө кагаздарды алгысы келген жарандар да кайрылып жатышат. Электрондук сурам каттардын көпчүлүгү борбор калаага кирип-чыгуунун максатын аныктоону көздөйт. Ар бир арызды карап чыгууга убакыт кетүүдө. Чыдап, үйдө отуруп туруңуздар. Эгерде биз бардык каалоочуларга пропуск бере баштасак, шаарда башаламандык башталып, карантиндин режимдери бузулат.

Муну менен бирге Орозалиев жаты жете электердин арасында өзүнүн жанын кыюу учуралары көбөйгөнүн белгиледи.

- Ата-энелерге кайрылам, балдарга кыйкырып, аларды урушпаңыздар, - деп сөзүн улантты ички иштер министринин орун басары. - Аларга жакшы маанайда көбүрөөк мамиле бөлүңүздөр. Алар азыр биринчи жолу өзгөчө абал маалын баштарынан өткөрүп жатышат. Шаардыктардын аң-сезими менен сабырдуулугуна ишенем.

Бишкек коменданты Бишкекте өткөн сутка ичинде коменданттык саатты бузган 37 эркек киши кармалганын, алардын үчөө чет элдик экенин эске салды.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх