Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: Экспресс-тесттер 30 пайызга жаңылышы мүмкүн

Мадамин Каратаев коронавирус жуктурган кош бойлуу келин туурасында да маалымат берди

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн-брифингдин жүрүшүндө коомчулуктан түшкөн суроолорго жооп берди. Каратаевдин пикиринде илдеттин жайылышынын жогорку көрсөткүчү кайсы учурга туш келерине байланышкан суроо эң татаал болуп саналат.

- Бул маселе боюнча биздин профессорлор иштеп жатат, - деди ал. - Бизде Медицанлык академиянын, КРСнун окутуучуларынан турган топ анализ жүргүзүп жатат. Жакынкы аралыкта божомолдорун ачыкташат деп турам. Божомол негизи татаал нерсе.

Каратаев COVID-19 аныкталган бейтаптарга кандай дары-дармектер менен дарылоо жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

- Вируска каршы дарылар колдонулат, -деп сөзүн улантты министрдин орун басары. Мындан сырткары симптоматикалык дарылоо. Кыргызстанда дары кажаттары жетиштүү.

Мадамин Каратаев ошондой эле Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгери эмне себептен иштен алынганы боюнча дагы жооп берди.

- Мен бул боюнча толук маалыматым жок, анткени, ал маалда Ош облусунда элем, - деди ал. - Чындыгында эле ошондой учур болгон. Башкы дарыгердин арызы боюнча биз коомдук, профсоюздук ишканалар менен иштин чоо-жайын текшеребиз. Эгерде башкы дарыгердин күнөөсү аныкталбаса, биз бул маселени карап чыгабыз.

Муну менен бирге Каратаев экспресс-тесстер адамдын организмдинде вирус барбы-жокпу так көрсөтө албаса, анда эмнеге ПЦР-анализдерге өтүү мүмкүн эмес экенин түшүндүрдү.

- Экспресс-тесттер 70 пайыз учурда так жооп көрсөтөт, 30 пайызга жаңылышы мүмкүн, биз муну билебиз, - деп жооп кайтарды минстрдин орун басары. - Алар байланышта болгон бейтаптар үчүн колдонулат. Эгерде экспресс-тесттер вирус бар деп көрсөтмө, анда бейтаптан ПЦР анализ алынат. Башында бизде ПЦР тесстерин жүргүзүүгө реагенттерибиз жетишпей жаткан, азыр бар.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарына «Ош шаардык перинаталдык борборунда коронавируска байланыштуу обсервация даярдалыптыр. «Кардио Азия» ооруканасында кош бойлуу аялдан коронавирус табылган. Анын толгоосу башталса кайда алып барышат? Андан калган кош бойлуу аялдарга, наристелер менен бардык медициналык кызматкерлерге коронавирус жугуу коркунучу болбойбу?» деген суроо узатышты.

- Бишкек менен Ошто коронавирус жуктурган кош бойлуулар үчүн эки обсервациялык мекеме дайындалган, - деп белгиледи Мадамин Каратаев. - Ошто 30 орундуу перинаталдык борбор. Бишкекте № 2- төрөт үйү. Персонал мындай абалда төрөт кабыл алуу боюнча даярдыктан өтүлүп, окутулган. Коронавирус табылган келин кош бойлуулуктун 37-жумасында. Төрөтү башталса биз аны перинаталдык борбордун обсервациялык бөлүмүнө которобуз.

 

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх