Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Реанимацияда иштейм десе айдоочулар жеткирбей коюшат экен»

Бишкектик дарыгер автоунаа айдоочулар алардан коркуп калышканын айтып берди

Бишкекте автоунаа айдоочулар дарыгерлерден коркуп калышты. Мындай пикирин Фейсбук социалдык тармагында медициналык кызматкер Анара Ажикеева бөлүштү.

Клиниканын кызматкеринин айтымында анын кесиптеши жол тосуп жумушуна келүүгө мажбур, реанимацияда иштей турганын билип калган айрым айдоочулар аны жеткизүүдөн баш тартышат экен.

«Мени менен иштеген медайым Маевкадан келет. Ал жерден транспорт уюштурулган эмес. Жол тосуп эптеп жетет. Реанимацияда иштей турганын билип калса айдоочулар кээде жеткизбей коюшат экен. Алар бизден коркуп калышты. Коомчулук тарабынан дискриминация башталды. Бизде азырынча коронавирус жуктурган бейтаптар жок. COVID-19 менен ооругандар жаткырылса эмне болот?» - деп жазган ал.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх