Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигин кайтарган милиция кызматкеринде коронавирус аныкталды

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын айтымынд бейтаптар эле эмес, медициналык кызматкерлердин өзүнө да психологиялык жардамга муктаж болушууда

Саламаттыкты сактоо министрлигин кайтарган милиция кызматкеринде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Биздин кызматкерден коронавирус аныкталгандан кийин биз бардык жамаатты текшерип чыктык, - деди ал. -100гө жакын киши. Бизди кайтарган милиция кызматкеринен коронавирус чыкты. Тийиштүү чаралардын бардыгы көрүлдү. Азыр бардык жамаатты сырттан иштөөгө жиберүүгө мүмкүндүк жок.

Мындан сырткары, ал кээ бир бейтаптар менен психологдор иштеп жатканын белгиледи.

- Кээде кызматкерлер депрессивдик абалга түшүп кетип жатышат, - деп сөзүн улантты Үсөнбаев. - Жардам көрсөтүү үчүн психологдор тартылууда. Мындай фактылар бар. Жардам каралган. Айрым учурда мындай жардам медициналык кызматкерлерге дагы керек болууда.

Эске салсак, кечээ Саламаттыкты сактоо министрлигинин күзөт кызматкери коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон.

Өлкө боюнча 98 медициналык кызматкерге вирус жуккан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх