Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боронов: Нарында коронавируска биринчи болуп чалдыккан адам кайда жүргөнүн билдирбей башка тургундарга жугузган

Биринчи вице-премьер Нарын менен Ат-Башыда өзгөчө абалдын киришинин себебин түшүндүрдү

Нарында коронавируска биринчи болуп чалдыккан адам кайда жүргөнү тууралуу маалымат бербей, башка тургундарга ооруну жугузган. Бул тууралуу парламенттин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

ЖК депутаты Кенжебек Бокоев Кубатбек Бороновдон Нарын менен Ат-Башыдагы абал кандай экенин сурады. Эл өкүлү ал жакта өзгөчө абал эмнеден улам киргизилип жатканын тактап берүүнү өтүнгөн.

- Аймактын 19 жашоочусунда коронавирус аныкталган, - деп эске салды биринчи вице-премьер. - Алардын бардыгы Ат-Башы районунда. Тийиштүү чечим ал жакта иштеген Саламаттыкты сактоо министрилигинин кызматкерлеринин сунушу менен кабыл алынды. Коронавирусту биринчи болуп жуктурган  адам кайда жүргөнү тууралуу маалымат бербей, кийин Нарын облусунда ооругандардын саны көбөйүп кеткен. Эл дагы өзгөчө абал киргизүүнү суранды, анткени, абал оорлошуп кетти.

Эске салсак, президенттин жарлыгы менен өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Нарын менен Ат-Башыда 20:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилди..

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх