Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эмкиде ачкычыңды алып, дөңгөлөктөрүңдү жарып салабыз».Таластын жашоочулары такси айдоочусун облуска киргизбей коюшту (видео)

Жаш жигит үй-бүлөсүн багуу үчүн карантиндин талаптарын бузууга аргасыз болгонун түшүндүргөн

Чүйдөн Таласка такси айдап барган айдоочуну жергиликтүү тургундар облуска киргизбей коюшту. Окуянын видеосун Vesti.kg сайтына окурман жиберди.

Жаш жигит өкмөттүн токтомдорун түшүнүү менен кабыл аларын, бирок, жакындарын багуу үчүн ишке чыгууга аргасыз болгонун айткан.

«Мыйзамды аргасыз буздум. Үй-бүлөмдү багыш керек болду. Мен Элдос Табылдиев, Чүйдөн болом. Экинчи мындай кайталанбайт. Кайталанса унаамды алып алгыла», - деген ал.

Буга кадрдын артындагы эркектер: «Антпесе кийинки жолу машинеңдин ачкычын тартып алып, дөңгөлөктөрүңдү жарып салабыз» деп жооп кайтарышкан.

Таксист ага окшоп жумушун улантууга мажбур болгон кесиптештерине дагы кайрылган.

«Акчага кызыгып, ишке чыкпагыла. Үйдө болуңуздар. Бул мага сабак болду. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүргөн конезаводдук (Конезавод Талас районундагы айыл) балдарга жолдон кезиктим. Алар тараптан эч кандай коркутуу, кол көтөрүү болгон жок. Мен эми бардыгын түшүндүм», - деп кайрылган видеодогу жигит.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх