Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы 5 дарыгер COVID-19 жуктуруп алды. Жаңы катталган учурлардын саны - 17

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 466га жетти, алардын ичинен 104ү - дарыгерлер

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 17 учур катталды, республика боюнча ооругандардын жалпы саны 466га жетти. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Алардын ичинен бешөө - Бишкекте, Ошто бирөө жана Нарын облусунда 11 адам бар.

Илдетке чалдыккандардын арасында кайра медициналык кызматкерлер катталды: 4 дарыгер Бишкекте жана Нарында бирөө. Кыргызстан боюнча COVID-19 жуктурган дарыгерлердин жалпы саны 104кө жетти.

Муну менен бирге Үсөнбаев ооруканалардан 13 адам чыгарылганын кошумчалады. Өлкө боюнча коронавирустан жалпы 91 адам айыгып, 5 кыргызстандык көз жумду.


Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Айнура Изагалиева 16.04.2020 11:00
У вас разные информация на кыргызском: Алардын ичинен бешөө - Нарында, Ошто бирөө жана Нарын облусунда 11 адам бар.
На русском:- в Бишкеке — 5,

- в Ошской области — 1,

- в Нарынской области — 11.
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх