Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муфтият: Орозо айында ооз ачарды үйдөн жакындарыңыздар менен өткөрүп, Таравих намазын да үйдөн окуңуздар (видео)

Максат ажы Токтомушев өзгөчө абал режими учурунда орозо кармоонун шартын айтып берди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат ажы Токтомушев өзгөчө абалдын 30-апрелине чейин узартылганына байланыштуу кайрылуу жасады.

Ал ыйык Рамазан айынын башталышы карантин учуруна туш келерин белгилеп, жарандарды өзгөчө абалдын режимдерин бузбоого чакырды.

- Бир нече күндөн кийин орозо башталат, өзгөчө абал режимине байланыштуу ооз ачарда үйдө, жакындарыңыз менен бирге болуп, таравих намазын да үйдөн окуңуздар. Биз тартипти сактаган күндө гана жеңе алабыз.



Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Орозо айынын башталышы боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Алдын ала маалыматтар боюнча Рамазан айы 24-апрелде башталат.

Манас Кольбаев
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх