Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жеңиш Молдокматов: Кыргызстандыктардын мекенине кайтуусуна биздин бийлик уруксат бербей коюптур (видео)

КРнын жарандары жиберген видеодо орусиялык аткаминерлер Кыргызстанга учак жиберүүгө макул болушканын, бирок, кыргыз тарап жардам бербей койгонун белгилешкен

Чет өлкөдөн мекенине кайтууга үлгүрбөй сыртта калып калган мекендештерге колдоо көрсөткөнбүз деп Кыргызстандын өкмөтү калп айтат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов маалымдады.

- Кубатбек Боронов менен Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында Новособирскинин аэропортунда калып калган кыргызстандыктарга хостел менен тамак-аштарынын акчасын төлөп беришкенин айтышкан, бирок, бул карандай калап, - деди ал. - Чындыгында хостелдерге болгону 130 адам жаткырылган жана анын акчасын Эмгек жана миграция эл аралык уюму төлөп жатат. Калган жарандар тааныштарыныкында күн кечирип же болбосо өздөрүнүн акчасына батир ижарага алышкан. Ал эми ысык тамакты күнүнө бир жолу улуттук диаспоралар жеткирип турушат. Биздин өкмөт болсо мунун бардыгын биз кылдык деп маалымат берип отурат.

Молдокматов премьер-министр өз милдеттерин аткара албагандыктан, отставкага кетиши керектигин кошумчалады.

- Мага Новосибирскиден жөнөтүшкөн видеону көрүп абдан ичим ачышты, - деп сөзүн улантты «Замандаштын» лидери. - Ал жакта калып калган биздин жарандар шаардын бийлигине кайрылышкан экен. Губернатордун орун басары баштаган килейген бир делегация аларга барыптыр. Биздикилер болсо эмне кылышты? Орус тарап биздин жарандарды алып кетчү учакка коридор да берген экен, көрсө. Бишкекте да Россияга кете албай күтүп жаткан орусиялыктар бар. Бирок, Кыргызстан учактын өлкөнүн аймагына конушуна макулдук бербей коюптур. Биздин аткаминерлер дагы канча калп айтышат?


Жеңиш Молдокматовдун айтымында ушундай эле абалга Түркияда калып калган кыргызстандыктар дагы кабылган.

- Алар бир тыйын менен да жардам беришкен жок, мурдумду кесип берейин, - деп ал агынан жарылды. - Тажикстан, Казакстан жана башка мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын алып чыгып кетишти, биздин мекендештерибиз болсо жетим балага окшоп калып калышты. Кыргызстандыктар Казакстандын консулунан биздикилер менен байланышуусун өтүнүнүшкөн экен. КРнын элчилиги болсо ТИМден эч жакка чыкпоо боюнча буйрук алышканын, аэропортко бара алышпай тургандыгын айтып жооп беришиптир. Биздин мекендештер чоочун өлкөдө жашай турган жери, ичерге тамагы, акчасы жок отурушат. Буз буга чейин бул тууралуу айтканда, «пиар кылып жатасыңар» деп күнөөлөп коюшту эле. Эми көрөлүк, кыргызстандыктарды үйүнө алып келүүгө биздин өкмөткө эмне тоскоол болор экен?

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg ТИМдин башчысынын орун басары министрлик коронавирус пандемиясына байланыштуу авиакаттамдар токтотулгучакты мекенине кайтууга үлгүрбө калган кыргызстандыктарды алып келе албай тургандыгы тууралуу айткан сөздөрүн жарыялаган эле.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх