Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дарыгерлер Бишкектин комендантынан посттордон өтө албай жатышканын айтып кайрылышты (видео)

Медиктердин кайрылуусун Фейсбук социалдык тармагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Айбар Султанганзиев жарыялаган

Бишкектин бейтапканаларында эмгектенген медициналык кызматкерлер борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиевге блокпосттордон өтүүдө туш болгон көйгөйлөрүн айтып кайрылышты.

Медиктердин кайрылуусун Фейсбук социалдык тармагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Айбар Султанганзиев жарыялаган.

№ 6-ҮДТда лаборант болуп эмгектенген Айзада Жакыпованын айтымында ал жашаган райондон дарыгерлерге арналган атайын унаа өтпөйт, буга байланыштуу ал ишине жеке унаасы менен барууга аргасыз.

«Мен өзүм менен кошо бейтапканада иштеген дагы үч кызматкерди ташыйм. Жумуштан берилген справкам бар, бирок, блокпостто күн сайын көйгөйгө учурайм, биз жөө өтүшүбүз керектигин айтып, өткөрбөй коюшат», - деп айтып берген ал.

Аталган бейтапкананын директорунун орун басары дагы ушундай эле көйгөйлөрдү көтөргөн.

Vesti.kg Бишкек шаарынын коменданттыгына бул боюнча кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы коменданттык буйругуна ылайык, ҮДТнун жетекчилиги кызматкерлерин унаа каражаттары менен камсыз кылууга милдеттүү экенин билдиришти.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх