Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда СOVID-19 дагы 23 кишиден чыкты. Жалпы сан - 489

Коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны 12ге көбөйдү

Кыргызстанда СOVID-19 вирусун жуктурган дагы 23 учур катталды, алардын 12си - медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Бишкекте - 14, Чүй облусунда - 1, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында - 2, Ош облусунда - 4, Ош шаарында - 2. Өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны - 489 адам. - Ошондой эле акыркы сутка ичинде 23 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды, - деп маалымдады ал.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 116 медициналык кызматкер коронавируска чалдыкты.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх