Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин коменданты: Биз алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салбайбыз (видео)

Алмаз Орозалиев шаардыктар коомдук тартипти бузбоо шарты менен убактыларын өздөрү каалагандай коротууга укуктуу экенин белгиледи

Бишкекте алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынбайт. Бул тууралуу өзүнүн видео кайрылуусунда Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында ар бир бишкектик карантинде эмне кыларын өзү билет. Бирок, коомдук тартипти бузгандар менен бейбаштар жоопкерчиликке тартыларын ишенимдүү айтты.

- «Коменданттык Бишкектин аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салган жатыптыр» деп социалдык тармактарда жүргөн маалымат мени абдан таң калтырды, - деди Орозалиев. - Жарандардын жеке иш-аракеттерин биз чектебейбиз. Ар бир адам мындай оор кырдаалга кандай көнөрүн өзү чечет. Бирок, коомдук тартипти бузгандар учурдагы мыйзамдарга ылайык катуу жазаланат.

Тактай кетсек, кечээ, 16-апрелде интернетте Бишкек коменданттыгы борбор калаада алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууга ниеттенип жатканы тууралуу маалымат тараган эле.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх