Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрилиги: Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги 20-24-апрелде күтүлүүдө

Ооруканалар менен обсервацияларда бул күндөргө кошумча орундуктар даярдалууда

Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги 20-апрелден 24-апрелге чейинки убакытта күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Биз даярдык көрүп жатабыз, ооруканалар менен обсервацияларда кошумча орундар даярдалууда, - деп ишендирди ал. - Ошондой эле ӨКМ дагы орундарды уюштурууда.

Брифингдин жүрүшүндө коронавируска чалдыккан бейтаптардын дарылануусу кандай жүрүп жатканы жана дары-дармектер кимдин эсебинен төлөнүн жатканы тууралуу суроо берилди.

- Дарылоо Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен жүргүзүлүп жатат, - деди министрдин орун басары. Бардыгы текшерилип, натыйжалуу экени тастыкталган. Дарылоо мамлекеттин эсебинен каржыланууда, бейтаптар төлөшкөн жок.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх