Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте № 17- Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жабылды. Анда иштеген төрт дарыгерден COVID-19 аныкталды

Бейтапканада дезинфекция иштери жүргүзүлөт

Бишкектеги № 17-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун төрт дарыгери коронавирустук инфекция жуктуруп алышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

- Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору учурда дезинфекцияга жабылды, - дешти мекемеде. - Качан кайра иштеп баштайт, азырынча белгисиз. Жарандарды кабыл ала турчу филиалы бар.

Эске салсак, бүгүн, 17-апрелде 12 дарыгер коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон

Республика боюнча жалпысынан 116 медициналык кызматкер илдетке чалдыккан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх