Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Кыргызстанга Стамбулдан биринчи учак учуп келет

Учуп келген кыргызстандык жарандар эки жумага обсервацияга жаткырылат

Бүгүн Бишкекке Стамбулдан өлкөгө келе албай калган Кыргызстандын 212 жараны учак менен мекенине учушту. Бул тууралуу коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча Штаб билдирди.

Учактын бардык жүргүнчүлөрү «Ак кеме» мейманканасындагы обсервацияга 14 күнгө жайгаштырылары белгиленди.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандыктар кыргыз өкмөтү алардын мекенине кайтуу маселесин чечпей жатканына нааразычылыктарын билдирип жатышкан. Кийинчерээк интернетте видео пайда болуп, анда орусиялык аткаминерлер кыргызстандыктарды учак менен мекенине жиберүүгө даяр болушканын, бирок, Кыргызстан учакты кабыл алууга макул болбой койгонун айтышкан.

Кечээ кечинде депутат Исхак Пирматов өкмөт чартердик каттамдарды кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх