Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

№ 17-ҮББнун башкы дарыгери: Бизди дагы эле обсервацияга жаткырыша элек. Дарыгерлер жакындарына коронавирус жуктургандан коркуп, көчөдө түнөштү

«Бизге шаардын ар кайсы жеринен, айылдардан бейтаптар келишет. Канча адам байланышта болгонун элестетип көргүлө»

Борбор калаадагы № 17-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун коронавирус жуктуруп алган кызматкерлерин дагы эле обсервацияга жаткырыла элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына бейтапкананын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова билдирди.

Анын айтымында кызматкерлердин илдетке чалдыкканы кечээ эле белгилүү болгон.

- Биздин дарыгерлер тест менен анализ тапшырышып, коронавирус жок деп чыккан, - деп тактады ал. - Бирок, алар күндөн күнгө өздөрүн начар сезе башташткан. Менин дене табым бир нече күн бою жогору болуп туруп алды. Кечээ биздин дарыгерлер ооруп калганын билдик. Бирок, дагы эле обсервацияга жаткырыша элек. Алар үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктурабыз деп коркуп көчөгө түнөштү.

Башкы дарыгер ошондой эле, коронавирус аныкталгандарды дароо обсервацияга алуу жайгаштыруу керектигин эске салды. Медиктерде алигиче ПЦР-тест жасала элек экен.

Мындан сырткары, Ташибекова дарыгерлер ушуга чейин иштеп, бейтаптарды кабыл алып жүрүшкөнүн кошумчалады.

- Биз бир нече айылды тейлейбиз, бүткүл шаар боюнча да бейтаптар келет, - деди ал. Канча киши байланышта болгонун элестетип көргүлө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ал ортодо учурда эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп жатканын гана Vesti.kg сайтына айта алышты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх