Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокат аймактык ооруканасынын короосунда бет каптар, колкаптар менен коргоочу костюмдарды өрттөшкөн (видео)

Жергиликтүү жашоочулар кооптонушууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги мүчүлүштүктү оңдошорун белгилешти

Ноокат аймактык ооруканасында медициналык калдыктарды жок кылуу нормалары сакталбай жеке коргонуу каражаттары мекеменин короосунда өрттөлүп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жергиликтүү жашоочулар кабарлашты.

Медициналык мекеменин жанында жашаган жарандар окуяны камерага тартып алууга үлгүрүшкөн.

- Биздин үйлөр ооруканадан 10 метр алыстыкта жайгашкан, үч корпуста 48 үй-бүлө жашайт, -  атын атабоону суранган жашоочулардын бири ушинтип айтып берди. - Биринчи күнү биз ал жерде ишембилик өтүп жаткан го дедик, бирок, кийин синтетика менен пластиктин куйкум жытына киши чыдагыс болуп калды. Мындай болгонуна бир жума болду. Мен бүгүн атайын оорукананын короосуна барып, эмне күйүп жатканын көрдүм. Үймөктө медициналык бет катар, колкаптар, чүпүрөктөр, тамак-аштын калдыгы жана коронавирус менен жабыркагандарды дарылап жаткандар кийген бир жолу колдонулуучу костюмдар бар экен. Медициналык мекеменин директору Асамидин Марипов муну менен биринчи жолу санитардык нормаларды бузуп жаткан жок. Алар кышында короого канализациялык трубаны киргизип алышкан.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Алексей Кравцов медициналык калдыктар кандай жол менен жок кылынышы керектигин айтып берди.

- Учурда мен Ош облусундамын жана эки күндөн кийин Ноокат аймактык ооруканасында болом, - деп белгиледи ал. Мен териштирүү үчүн барбайм. Биз учурда түзүлгөн абалды оңдойбуз. Азыр кимдир-бирөөлөр менен териштирүү уюштура турган маал эмес, мүчүлүштүктөрдү оңдоо керек. Утилизация боюнча КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 208-буйругуна ылайык, медициналык калдыктар милдеттүү түрдө автоклавда жугушсуздандырылууга тийиш.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх