Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өлкөдө дагы 19 адамдан коронавирус чыкты. Арасында 5 медициналык кызматкер бар

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин 631 учур катталды

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирустук инфекция дагы 19 адамдан катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Бишкекте 8 адам, Чүй облусунда - 4, Ошто - 4, Ош облусунда - 3, -деди ал. Алардын арасында 5 медициналык кызматкер бар. - Жалпы аныкталган учур 631ге жетти.
53 жаштагы аял көз жумду. 48 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Ооруканаларда учурда 312 жаран дарыланууда, бешөө - реанимацияда.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх