Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин коменданты: Карантин башталгандан бери үй-бүлөлүк зомбулук 60 пайызга көбөйдү

Алмазбек Орозалиев жарандарга кайрылып, үй-бүлөлөрүн ар кандай зомбулуктан сактоого чакырды

Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 60 пайызга өсүп кетти. Бул тууралуу кезектеги брифингде борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

- Өткөн жылдын ушул эле айларына салыштырмалуу айтсак, 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейинки убакытта 100 факты катталган болсо, үстүбүздөгү жылы 162 факты катталды, - деди Орозалиев. - Бул убакыт да өтөт. Урматтуу шаардыктар, үй-бүлөлөрүбүздү ар кандай зомбулуктан сактап, ынтымактуу, сабырдуу болсок.

Ал ошондой эле зомбулукка кабылган аялдар кризистик борборлорго жете албай жатканы тууралуу комендатурага арыздар түшүп жатканын кошумчалады.

-Эгерде кризистик борборлор санитардык эрежелерди сакташса, биз бул маселени карап чыга алабыз, - деп белгиледи ал. - Коопсуздук чаралары боюнча, биз борборлорду күзөткө ала алабыз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх