Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Карантинден кийин Бишкекте кимдер биринчи иштеп баштай турганы белгилүү болду

Комендант санитардык нормалар катуу сакталышы керектигин эскертти

Бишкекте карантинден кийин күнүмдүк киреше таап иштегендер биринчилерден болуп ишке чыгышат. Бул тууралуу брифингде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
«Биринчи кезекте курулуш, авто унаа оңдоочу жайлар, вулканизация, такси кызматтарын иштетүү керек, - деп тактады комендант. Бирок, алар санитардык нормаларды катуу сактоого тийиш. Мисалы, таксиде экиден ашык киши болбошу керек. Болбосо биз бардыгын мыйзамга ылайык жазалайбыз».

Орозалиевдин айтымында жогоруда айтылган тармактардын иши карантин узартыла турган болсо да, 30 - апрелде жанданат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх