Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Араб Эмираттарындагы мигранттар билет алыш үчүн телефон менен ноутбуктарын сатып, жакындары пайызга акча алууга аргасыз болушкан»

Мигранттардын айтымында КРнын Башкы консулдугу өз каражаттарына билет алгандарга гана жардам көрсөтүшкөн. Калгандары аргасыз жардам издешүүдө

Мекенине кайтууга аракет кылган Бириккен Араб Эмираттарындагы кыргызстандык мигранттар кандай кыйынчылыктарга туш болгону жөнүндө активист Айсулуу Күлжанова айтып берди. БАЭда жашаган биздин мекендешибиз Vesti.kg редакциясына төмөндөгүлөрдү баяндады.

- Бул жакта көптөгөн кыргызстандыктар эмгектенчү, - деди ал. - Мындай болуп кетерин эч ким билген жок да. Көптөгөн биздин жарандарды төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберип коюшту. Алар билетке каражат топтоп коюшкан, бирок, 20-мартта Кыргызстан мамлекеттик чек араларын жаап салды. 21 жана 23-мартта өлкөгө туристтер эле кайта алышты.

23 -мартта консулдук чартердик каттамдар менен апрелде алып кетебиз деп убада берип, мигранттардын тизмесин түшө баштаган. Тизмеге 400 мигрант кирген. 5-апрелде БАЭ чартердик каттамдарды ачып, бирок, 10-апрелде КРнын ТИМи өзүнүн расмий баракчасында биздин жарандарды алып кетпей турганын жазды. Жарандардын чыдамы ошондо чындап кетти.

Алар укук коргоочуга жардам сурап кайрылышкан.

-15-апрелде ЖКнын жыйынында биздин өкмөт болгону иштеп жаткандай түр көрсөтүп койду, - деп сөзүн улантты кыргызстандык. - Анда жарандарды 26-апрелде, 3 жана 10-майда чартердик каттамдар менен алып кетүүгө уруксат беришти окшойт.

БАЭда жашоо абдан кымбат. Биздин жарандар билетке деп чогулткан акчаларын тамак аш менен турак-жайга коротууга келерине көздөрү жетти. Биз билет сатып алууга мүмкүндүктөрү калбай калган жарандардын тизмесин түзө баштадык. 80 адам болуп чыкты. Токтайым Уметалиева бул тууралуу консулдук менен депутаттарга билдирди.

Мен дагы консулдукка кабарлаган элем. Бирок, мен муну бекер кылыптырмын: алар биздикилерге эч кимден жардам күтпөй, өз каражаттарыңарга билет алгыла деп телефон чалып чыгышыптыр

Мекендешибиздин айтымында 80 кишинин 30у телефон, ноутбуктарын сатып, айрымдары туугандарына кайрылууга аргасыз болушкан.

- 30 кишинин ичинде жардамга абдан муктаж бир кыз бар экенин билчүмүн, - деди Айсулуу. - Анын апасы пайызга акча алып, 400-450 долларга билет алып бериптир.

21 -апрелде консулдук өкмөт БАЭда калып калган кыргызстандыктарга жардам берүүгө 5 млн сом которгонун кабарлады. Мен бул каражаттарды көзөмөлдөй турган комиссияга кирдим. Жалпы 11 киши болдук. Башкы консул жалпы группада 5 млн сомдон жардам колунда билети бар жарандарга гана берилерин жазды. Калган ашыкча акча мамлекеттик бюджетте которулат экен.

Айсулуу Күлжанова буга абдан ачууланып, билет ала албай калган жарандарга жардам берүүнү талап кылган.

- Мага: «Көрөбүз» деп коюшту, - деп сөзүн улантты ал. - Бирок, кийинки күнү Фейсбуктагы баракчасына башкы консулдук учакка билети бар жарандарды эле чакырып, калгандарына демөөрчү табууга жардам беришерин жазышкан.

Өкмөт акча бөлсө, эмнеге алар демөөрчүлөрдү издеп, акча сурап жүрүшөт? Мен мигранттардын таламын коргоп чыктым.

Ошол күндөн баштап үгүт иштери башталды. Бизде ага чейин муктаж мекендештерге жардам көрсөткөн жалпы группабыз бар болчу. Ошол группаны пайдаланып демөөрчүлөрдүн атынан гумжардам көрсөтүп жатабыз деп мигранттарга ар кандай адамдар келе башташты. Бирок, кагаз жүзүндө консулдук жардам берди болуп калды. Алар монтаждап чыккан видео интернетте да жарыяланып кетти.

Бирок, расмий гумжардам жок.

Айсулуу Күлжанова өкмөт тарабынан бөлүнгөн 5 млн сомго БАЭда калып калган бардык кыргызстандыктарга жардам көрсөтүүнү суранат. Ал биздин 50 мекендешибизде дагы деле билет сатып алуу мүмкүндүгү жок экенин белгиледи.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх