Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиядан 300дөн ашык кыргызстандык чартердик каттам менен алып келинди

Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты

«Манас» эл аралык аэропортунда «Түрк абал жолдору» авиакомпаниясынын «Стамбул - Бишкек» чартердик каттамы менен учак конду.

Мекенине Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда туруктуу авиакаттамдын токтотулганынан бери учак күтүп жаткан жарандардын ичинен 351 кыргызстандык алып келинди.

«Чартердик каттам 10-апрелде Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттеринин башчыларынын видеосаммиттин жүрүшүндөгү макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды. Учурда чет өлкөдө калган жарандарды мекенге алып келүү иштери улантылып жатат», - деп маалымдады «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх