Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадагы кыргыз дарыгерлер мекендеш мигранттар үчүн консультативдик борбор ачышты

Алардан коронавирустун белгилерин аныктоо жана дезинфекция боюнча кеңештерди алууга болот

Москвада ыктыярчы дарыгерлердин тобу Кыргызстандын жарандарына коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча консультация берүү үчүн атайын группа түзүштү. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.

«Москванын ооруканаларында эмгектенген кыргыз дарыгерлер консультативдик борбор түзүштү, - деп жазылган маалыматта. - Алар илдеттин белгилерин аныктоо жана дезинфекцияны кантип туура жүргүзүү керектиги боюнча кеңештерди бере алышат».
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Москвадагы кыргызстандык эмгек мигранттары тез жардам кызматы чакырууларга келбей, ал эми ооруканалар коронавируска анализ албай жатышканы боюнча арызданып жатышкан.

Ыктыярчы дарыгерлердин телефондору:
— Раиса Кадыровна: +79256188760;
— Гульмира Азизбековна: +79686322818;
— Дильбара Абыловна: +79260334447;
— Гульнара Маратовна: +79267029465;
— Айнура Болотбековна: +79264338013;
— Гульжан Арзыматовна: +79264800254;
— Жаркынай Эржановна: +79016569737.
— Мухтар Каримович: +79251803082:
— Жылдыз Асановна: +79263447767;
— Зульфия Асангожоевна: +79015068550;
— Зарыл Медетбековна: +79296743646;
— Чынара Суюновна: +79260458714.

КРнын РФнын элчилигинин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх