Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

COVID-19 Кыргызстанда: Өткөн сутка ичинде 13 учур катталды

Ооругандардын жалпы саны 695ке жетти

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустук инфекция дагы 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.‌ ‌ ‌

- Алардын ичинен 2 жаран Россиядан келгендерден, ошондой эле эки бейтап № 3- ҮДБнун илдетке чалдыккан дарыгерлери менен контактта болгондор, - деп маалымдады ал. - 2 дарыгер жана 1 медайым. Өлкө боюнча ооругандардын саны бүгүн 695ке жетти.

Муну менен бирге Үсөнбаев үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде ооруканалардан 25 бейтап чыгарылганын кошумчалады. Коронавирустук инфекциядан айыгып чыккандардын жалпы саны - 395 кыргызстандык.

292 учурда ооруканаларда дарыланып жатат, 7 бейтап - реанимацияда.

Зулайка‌ ‌Эркимбаева‌ ‌
Фото‌ ‌www‌

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх