Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

COVID-19 илдетин экинчи жолу жуктуруп алгандар болдубу? Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын жообу

Нурболот Үсөнбаев учурда кайрадан карантиндин киргизилиши туурасында сөз кылууга негиз жок экенин айтты

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен айыгып чыккандардын арасында кайра ооруп калган учурлар катталган жок. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал ошондой эле эпидемиянын экинчи толкуну каттала турган болсо кайрадан карантин киргизилиши мүмкүнбү деген суроого жооп берди.

- Карантин - бул эң акыркы чаралардын бири, - деп белгиледи Үсөнбаев. - Башка өлкөлөрдө, ошол эле Кытайда ал жакшы натыйжа бергени белгилүү. Азыркы карантин алынгандан кийин оору кайра массалык түрдө жандандып, жаңы толкун баштала турган болсо, анда аны кайра киргизүү кажет болот. Бирок, учурдагы эпидемиологиялык абал жаңы карантин тууралуу сөз кылуу эрте экенин көрсөтүүдө.

Муну менен бирге министрдин орун басары кыргызстандык дарыгерлерге жардам көрсөткөнү келген кытайлык адистер бүгүн мекенине кайтышарын билдирди.

- Алар бул жерден биздин адистер менен жолугушуу өткөрүп, тажрыйба алмашышты, ошондой эле кыргыз дарыгерлерине онлайн-окутуу өткөрүштү, - деди ал. Кытайлык адистер биздин дарылоо ыкмаларыбыз эл аралык стандартка шайкеш келерин белгилешти. Мындан сырткары, алар биздин дарыгерлердин сабаттуулугун баса белгилеп кетишти.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх