Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакшы сөз жан эргитет. Кыргызстандыктарды COVID-19 боюнча чалуу борборунун адистерине телефон чалып, рахмат айтууга чакырышууда

Акциянын алкагында чалуу борборунун адистерине телефон чалып, "Эмгегиңиздер үчүн рахмат!" деп айтууга болот

Бишкектин комендатурасында ыраазычылык сөздөрүнүн челленджи башталды. Бул тууралууу чалуу борборунун жетекчиси Атыра Бекмурзаева Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Ал комендатуранын операторлоруна телефон чалып, "Эмгегиңиздер үчүн рахмат!" деп ыраазычылык билдирүүнү кыргызстандыктарга сунуштады.

"Достор! Жакшы сөз жан эргитет. Келгиле, Бишкек шаарынын комендатурасынын 1312 номери боюнча Чалуу борборуна телефон чалып (телефон чалуу акысыз) же болбосо WhatsApp аркылуу 0220001312 номерине жазып, адистерге «Эмгегиңиздер үчүн рахмат!» дейбиз. Болгону 1 мүнөтүңүздөрдү алат, бирок, Сиздер үчүн 24/7 эмгектенип жаткан операторлордун маанайын канчалык көтөрүп, дем берет", - деп жазган ал.

Бекмурзаева чалуу борбору күнү-түнү үч смена менен иштеп жатканын Vesti.kg сайтына берген маегинде бөлүштү.

- Алар тынымсыз маалыматтык колдоо көрсөтүп жатышат, бул челлендж аларга күч-кубат бермек, - деп кошумчалады ал.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх