Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көмүскө иштегенге аргасыз кылбагыла! Сулуулук салондору Бишкектин комендантына кайрылышты

Бишкектик айым үйдө отуруп иштегендер учурда болушунча иштеп, кардарларын коркунучка кептеп жатышканын айтып берди

Бишкектеги сулуулук салондордун бирин жетектеген Татьяна Белышева аттуу айым борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиевге салон жана чачтарачтардын кызматкерлеринин атынан Фейсбуктагы баракчасынан кайрылуу жазды.

Ал сулуулук салондору коопсуз жай болуп эсептелинерин жана алардын ишинде вирустун жайылышына жол ачат деген коркунуч жок экенин, анткени, мастерлер Санэпидемкөзөмөлдүн талаптарын дайыма сактап, медициналык бет кап жана кол каптар менен иштеп келишкенин айтып берген.

«Карантинде отурганыбызга бир ай болду, биз тыюу салынган күндөн тарта күнүмдүк гана киреше таап иштегенибизге карабай дароо жумушубузду токтоттук. Бин ансыз деле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптарын сактап келгенбиз. Дарыканалардагыдай эле стерилдүүлүк сакталган жайлардан вирус жайылат деп кооптонуунун кажети жок. Сулуулук салондору - коопсуз аймактар. Биздин тармакта гана адистерибиз дайыма бет кап жана кол каптар менен иштешет», - деп жазган Белышева.

Мындан сырткары, кайрылуунун автору сулуулук салондорунун ишине тыюу салуу аталган тармактын чеберлери көмүскө иштеп баштай турганына гана алып келерин белгилеген.

«Ансыз деле акыркы күндөрү көптөгөн мастерлер кардарларды үйлөрүндө кабыл ала башташты. Үй шартында вирус эле эмес ВИЧ же гепатит сыяктуу кооптуу инфекциялардан 100% коопсуздукту камсыздоо мүмкүн эмес», -деп кошумчалаган ал.

«Бүгүн биз кардарларыбыздан жана бардык кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурайбыз. Бизди качан угушат деп күтөбүз. Бизге иштегенге уруксат беришсин. Биз коопсуздук эмне экенин билебиз.

Бардык нормаларга ылайык иштеген салондор жабык. Медициналык лицензиялары бар косметологиялык салондорго да иштегенге уруксат бербей жатышат. Ошол эле маалда үйүндө кабыл алган мастерлер болушунча билек түрө иштеп жатышат!

Өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаал кризисти жаратышты. Чыдамкайлык жана ден-соолук бардыгыңыздарга каалайбыз», - деп жазган ал.

Эске салсак, кечээ Бишкектин коменданты 1-майдан тарта борбор калаадагы сулуулук салондор иштеп баштайт деген маалыматты төгүнгө чыгарып, бул маселе шаардагы эпидемиологиялык абалга жараша чечилерин айткан.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх