Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азык-түлүк баштыктарынын жана башка жардам алуучулардын тизмесине кантип кирүү керек? Телефон номурлар

Бишкек мэриясы 60 миңден ашык үй-бүлөгө жардам берди

Бишкек мэриясы көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлөлөргө, үйүндө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдары барларга жана пенсионерге жардам берүүнү улантууда.

Муниципалитет 60 миң 52 үй-бүлөгө, анын ичинен Ленин районунун 14 миң 903 жашоочусуна, Октябрь районунун 12 миң 313 үй-бүлөсүнө, Биринчи май районунун 16 миң 293 үй-бүлөсүнө жана Свердлов районунда жашаган 16 миң 406 үй-бүлөгө колдооо көрсөттү. Мындан сырткары, азык-түлүк баштыктары апрель революциясынын катышуучулары менен курмандыктарынын 137 үй-бүлөсүнө таратылды.

Шаардыктарды колдоо улантылууда. Муниципалитет, кайрымдуулук фондулары жана борбор калаанын ишкерлери менен жеке адамдардын кайрымдуулуктарынын жардамы менен аз камсыз үй-бүлөлөргө көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү көбөйтүлдү.

Гуманитардык жардам алган шаардыктардын тизмеси мамлекеттик «Түндүк» системасында, «1227» порталында катталат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер жардамга муктаж болсоңор же ага сиздердин коңшуларыңар муктаж болсо райондук штабдарга маалымдаңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324.

Мэриянын ыктыярчылар штабы: 0551 573989.

Бишкек мэриясы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх